Редакцияот 08.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы

2021-жылдын 8-январы № 33

Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Коргон айылы “Аламайдан 1,2,3,4” көчөлөрүнүн жашоочуларынын арызын кароо чаралары жөнүндө

Ак-Коргон айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы Ак-Коргон айылынын “Аламайдан 1,2,3,4” көчөсүнүн жашоочуларын электр эенергиясы менен камсыз кылуу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Коргон айылдык өкмөтү тарабынан Ак-Коргон айылынын “Аламайдан 1,2,3,4” участкасындаэкинчи линиясын ишке түшүрүү үчүн кошумча трансформаторга 210 000 (эки жүз он миң) сом акча каражат берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештинтөрагасы:

М.Инамов.