Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 34
Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылынын “Нуробод” көчөсүнүн жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу чаралары жөнүндө
Ак- Коргон айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы Ак-Коргон айылынын “Нуробод” көчөсүнүн жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айылдык өкмөтү тарабынан Ак-Коргон айылынын “Нуробод” көчөсүнүн скважинасына ЭЦВ-12*65*100 маркасындагы насос үчүн 210 000 (эки жүз он миң) сом акча каражат берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештинтөрагасы: | М.Инамов. |