АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз 25- сессиясы
2021-жылдын 18-февралы № 1
ОсОО“Кыргыз Эко Экспорт” фирмасынын башчысы Улан Максымбековдун арызын кароо жөнүндө
Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезексиз 25- сессиясы ОсОО“Кыргыз Эко Экспорт” фирмасынын арызын карап чыгып,Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7-статьясынын 2-пункутуна ылайык, айыл аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүүрү жана инвестиция тартуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.ОсОО “Кыргыз Эко Экспорт” фирмасынын башчысы Улан Максымбековдун Баястан айылында дүң соода жүргүзүүчү базар, мал базар, этти кайра иштетүүчү жана тери кайра иштетүүчү цехтерин куруу үчүн айылдын Өзбекистан Республикасы менен чектеш болгон пайдаланбай бош жаткан, айыл чарба багытында болгон “Кызыл-Кол” участкасындагы № 434 контурундагы 10,0 га жер тилкесин,№ 425контурундагы 3,0 га жер тилкесин,№ 430 контурундагы 7,0 гажер тилкесин, жалпы 20,0 гажер тилкесин аныктап мыйзам чегинде өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетикасынын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуп (трансформациялоо) берүү жолу менен 49 (кырк тогуз) жыл мөөнөткө ижарагаберүүгө макулдук берилсин.
2.Жерге болгон тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин жер маселелери боюнча комитетинен жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3.Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов |