Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз 25- сессиясы
2021-жылдын 18-февралы № 3
Ак-Коргон айылдык өкмөтүнүн 2020-жылдын 12 айында жергиликтүү бюджетин жана атайын төлөм каражаттарынын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдин Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 12 айында жергиликтүү бюджетинин жана атайын төлөм каражаттарынын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулап чыгып, эл депутаттарынын Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын 25- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 12 айында жергиликтүү бюджетин жана атайын төлөм каражатын аткарылышын айыл кеңешинин бюджеттик комиссиясы менен талкуулап чыгып, канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. 2020-жылдын 12 айында жергиликтүү бюджетине тармактар жана статьялар боюнча республикалык бюджеттен келген тендештирүүчү грант каражаттары, божомолдон ашыкча жыйналган кирешелерди эсепке алып, өзгоөртүүлөр киргизилсин.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов |