Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2022-жылдын 29-ноябры № 42
”Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дрекция тарабынан 2023-жылга карата акча каражатын суроо жөнүндө”
Бел-Алды айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Сөгөт айылынын Т.Момуналиев, Абылгазы көчөлөрүн жарыктандырууга 500(беш жүз) миң сом акча каражаты суралсын.
2. Көчөлөргө электр линияларын тартууга 50 (элүү комплект) даана столба алуу үчүн акча каражаты суралсын.
3. Жаңы –Арык каналына сметадан калган 12 млн.711миң 733 сом акча каражаты суралсын.
4. Сары-Сөгөт айылына курула турган машыгуу залынын өздүк салымы үчүн 1 млн.сом акча каражаты суралсын.
5. Коргон айылына курула турган машугуу залына 700 (жети жүз ) миң сом акча каражаты суралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
7. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык bel-aldy.gos.kg сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрайым : | Ж. Шарипова |