Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-ноябры № 96/20-8
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кара-Көл шаарынын биринчи орун басары Э.С.Тажимырзаевдин “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү” жөнүндө сунушун жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Э.Т.Токтомушевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген жобонун 2.1. бөлүмүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XX сессиясы
Токтом кылат:
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кара-Көл шаардык кеңешинин 20.01.2020-ж. №190/37-7 жана 13.02.2020-ж. №193/38-7, 25.11.2022-ж. №96/20-8 сандуу токтомдору жокко чыгарылсын.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мэрдин биринчи орун басары (Э.С.Тажимырзаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Т.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага К.Д.Батыркулов
Тиркеме
Кара-Көл шаардык кеңешинин
25.11.2022-ж. кезектеги ХX
сессиясынын №96/20-8 токтому
менен бекитилди
Дем берүүчү ( үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча
комиссиянын курамы
Нурматова К.И.- шаардык кеңештин жооптуу катчысы, комиссиянын төрайымы;
Талипова Ы.Т.-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын сектор башчысы, комиссиянын катчысы;
Комиссия мүчөлөрү:
Сатыбалдиев У.К.-Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Абытканова Р.- Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин төрайымы;
Омурбеков А.О.-Кара-Көл шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы;
Көлбаев К.К.- Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы;
Анашов С.- Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун төрагасы;
Кимсанов Ч.А.-Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;
Акматбеков З.А.- Кара-Көл шаардык Жаштар кеңешинин төрагасы.
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы К.И. Нурматова