Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-ноябры 97/20-7
Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2021-жылда аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-статьясынын 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2021-жылда аткарган иштери жөнүндө аялдар кеңешинин төрайымынын орун басары Б.К.Маматаеванын отчетун жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Э.Т.Токтомушевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XX сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2021-жылда аткарган иштери жөнүндө аялдар кеңешинин төрайымынын орун басары Б.К.Маматаеванын отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кара-Көл шаардык аялдар кеңеши шаардык кеңештин 24.04.2015-жылдагы №67/19-5 сандуу токтому менен бекитилген “Кара-Көл шаарынын аялдар кеңеши жөнүндө” жобого ылайык иш алып барсын.
3. Кара-Көл шаардык аялдар кеңеши Жаштар кеңеши, шаардык аксакалдар жана ардагерлер кеңеши менен биргеликте зордук-зомбулук, ысырапкерчилик, балдар арасындагы рэкетизм, ошондой эле жаштарга жана мектеп окуучуларына келечекте туура багытты тандоо боюнча шаар мектептеринде, окуу жайларында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык аялдар кеңешине (Р.Абытканова), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Т.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага К.Д.Батыркулов