Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-ноябры № 98/20-8
Кара-Көл шаардык аксакалдар жана ардагерлер кеңешинин 2021-жылда аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-статьясынын 8-бөлүгүн жана Кара-Көл шаардык аксакалдар жана ардагерлер кеңешинин жобосунун 4.7. бөлүмүн 4-абзасын жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык аксакалдар жана ардагерлер кеңешинин төрагасы К.Көлбаевдин аксакалдар жана ардагерлер кеңешинин 2021-жылдагы аткарган иштери жөнүндө маалыматын жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Э.Т.Токтомушевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XX сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык аксакалдар жана ардагерлер кеңешинин төрагасы К.Көлбаевдин аксакалдар кеңешинин 2021-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2.Кара-Көл шаардык аксакалдар жана ардагерлер кеңешине (К.Көлбаев) Кара-Көл шаарындагы улуттар аралык каада-салт, үрп-адат, диний ырым-жырым маселелери боюнча комиссия менен биргеликте тыгыз иш алып баруу сунушталсын.
3.Кара-Көл шаардык аксакалдар жана ардагерлер кеңеши шаардык кеңештин 10.03.2020-жылдагы №195/39-7 сандуу токтому менен бекитилген “Кара-Көл аксакалдар жана ардагерлер кеңеши жөнүндө” Уставын кайрадан иштеп чыгуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына сунушталсын.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык аксакалдар жана ардагерлер кеңешине (К.Көлбаев), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Т.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага К.Д.Батыркулов