Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-ноябры № 100/21-8
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө
Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Эстебес уулу Тилектин Кара-Көл шаардык кеңешинин 25.11.2022-ж. 96/20-8 токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизип берүү жөнүндөгү сунушун жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Т.Токтосуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаарынын мэринин биринчи орун басары Э.С.Тажимырзаевдин 17.11.2022-ж. чыгыш №01-20-4059 сандуу катындагы дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндөгү шаардык кеңештин көпчүлүк депутаттарынын сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген жобонун 2.1. бөлүмүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XXI сессиясы
Токтом кылат:
1 .Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 20.01.2020-ж. №190/37-7, 13.02.2020-ж. №193/38-7 жана 25.11.2022-ж.96/20-8 сандуу токтомдору жокко чыгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мэрдин биринчи орун басары (Э.С.Тажимырзаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Т.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага К.Д.Батыркулов
Тиркеме
Кара-Көл шаардык кеңешинин
28.11.2022-ж. кезекcиз ХXI
сессиясынын №100/21-8 токтому
менен бекитилди
Дем берүүчү ( үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча
комиссиянын курамы
Нурматова К.И.-Кара-Көл шаардык кеңешинин жооптуу катчысы, комиссиянын төрайымы;
Талипова Ы.Т.-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын сектор башчысы, комиссиянын катчысы;
Комиссия мүчөлөрү:
Сатыбалдиев У.К.-Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Абытканова Р.- Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин төрайымы;
Омурбеков А.О.-Кара-Көл шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы;
Көлбаев К.К.- Кара-Көл шаардык аксакалдар жана ардагерлер кеңешинин төрагасы;
Анашов С.- Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун төрагасы;
Мусуралиева Г.К.-Кара-Көл шаарындагы бюджеттик муниципалдык мекемелердин профсоюз уюмдарынын шаардык комитетинин төрайымы;
Акматбеков З.А.- Кара-Көл шаардык Жаштар кеңешинин төрагасы.
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы К.И. Нурматова