Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 13-декабры № 101/22-8
ШММБна көп функционалдуу атайын техника сатып алуу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-2-бөлүкчөсүн, 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып, шаардын мээринин биринчи орун басары Э.С.Тажимырзаевдин, ММБнын башчысы М.С.Курамаевдин ШММБна көп функционалдуу атайын техника сатып алуу жөнүндө сунушун жана аталган маселе боюнча шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 31.10.2022-жылдагы №92/18-8 сандуу токтомунун реестриндеги ШШМБга лизинге спецтехника алууга бюджеттин үлүшүнө бекитилген 3000,0 мин сом акча каражаты эске алынсын, лизинге спецтехника алууга бюджеттин үлүшү деген сөз алынып салынсын жана анын ордуна көп функционалдуу атайын техника сатып алуу деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. ШММБна көп функционалдуу атайын техника сатып алууга жалпы 10000,0 миң сом каралсын, анын ичинде 2022-жылга бекитилген 3000,0 миң сом жана кошумча 7000,0 миң сомдук каражатты 2023-жылдын бюджетинен каралып берилери белгиленсин.
3. ШММБ (М.С.Курамаев) тиешелүү мыйзамдардын талабына ылайык аталган көп функционалдуу атайын техника сатып алууну иш жүзүнө ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндо мыйзамдын талаптарына ылайык аталган токтомдун 2-пунктундагы талапты ишке ашыруу максатында ШММБнын 2022-жылга бекитилген сметасынын тиешелүү беренесине убактылуу тактоо (уточнение) киргизсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев) ШММБна (М.С.Курамаев) жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Мамытканова Т.А.) жүктөлсүн.
Төрага К.Д.Батыркулов