Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 13-декабры № 102/22-8
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен берилүүчү дем берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча долбоорлорду
бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн, 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-бөлүкчөсүн, 45-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарынын мэринин биринчи орун басары Э.С.Тажимырзаевдин дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын 2023-жылга даярдалган долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен бөлүнүүчү үлүш каражаттарды бекитип берүү боюнча кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Көл шаардык мэриясы тарабынан 2023-жылга сунушталган дем берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча долбоорлор 1-тиркемеге ылайык жактырылып бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
Кара-Көл шаардык мэриясы тарабынан 2023-жылга даярдалган дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын долбоорлоруна жергиликтүү бюджеттин эсебинен үлүштүк каражаттар 2023-жылга шаардык бюджеттен 5540,7 миң сомго бекитилсин.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Конкобаев Т.Т.), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Мамытканова Т.А.) жүктөлсүн.
Төрага К.Д.Батыркул
Кара-Көл шаардык кеңешинин
2022-жылдын 13-декабрындагы
XXII сессиясынын №102/22-8
сандуу токтомуна тиркеме
Кара-Көл шаарынын 2023-жылга шаардык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун
РЕЕСТРИ
№ | Долбоордун аталышы | Жалпы суммасы ( миң сом) | Жергиликтүү бюджеттен үлүш ( миң сом) | Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен (миң сом) |
1. | Кара-Көл шаардык Боронбай Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлик практикалоо борборунун хирургия бөлүмүн ремонттон өткөрүү
|
6156,2 |
3156,2 |
3000,0 |
2. | Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө айыл аймагындагы №5 орто мектебинин фоесинин жана спорт залынын чатырын жабуу
|
3392,4 |
678,5 |
2713,9 |
3. | “Кайынды” балдар эс алуучу лагеринин имаратын 1-2-бөлүгүн капиталдык ремонттон өткөрүү |
4706,0 |
1706,0 |
3000,0 |
|
Баардыгы |
14254,6 |
5540,7 |
8713,9
|
Аппарат жетекчи Нурматова К.И.