Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 13-декабры № 103/22-8
Кара-Көл шаарынын 2022-2023-жылдарга күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарынын мэринин биринчи орун басары Э.С.Тажимырзаевдин Кара-Көл шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2022-2023-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маалыматын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Турдуматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Шаардын калкын жана экономика тармагын 2022-2023-жылга күз-кышкы мезгилге даярдоо жана аталган мезгилди ийгиликтүү өткөрүү максатында 2022-жылдын 28-майында шаардык мэриянын №285-б жана 2022-жылдын 8-августунда №362-б сандуу буйруктары чыгарылып, штабдын мүчөлөрү жана жумушчу комиссиянын курамы бекитилген.
Шаарды жылуулук менен камсыз кылуу үчүн төрт (“ЦТК”, А.К.Тавашаров, 7-аянтчадагы “ДСР”, “Бекташ”) электр откана иштейт. Алардын жалпы кубаттуулугу Р-42МВт жана жылуулук берүүчү түтүкчөсүнүн узундугу 44,3 чакырымды түзөт жана жылдык пландын негизинде график боюнча бардык электр отказандарга капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
Жылуулук энергиясына болгон дебитордук карыздар жалпы суммасы 2022-жылдын 20-сентябрына 3519.8 миң сом, анын ичинен мекеме-ишканалардын карызы- 127,3 миң сом.
Шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү, Жазы-Кечүү, Кетмен-Төбө айылдык башкармалыктары тарабынан көмүргө муктаж аз камсыз болгон 210 үй-бүлөлөргө шаардык бюджеттин эсебинен мэрия тарабынан ар бирине 2000 сомдон 420000 сом материалдык жардам көрсөтүлгөн.
Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдүн негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XХII сессиясы
Токтом кылат:
Кара-Көл шаарынын мэринин биринчи орун басары Э.С.Тажимырзаевдин Кара-Көл шаарынын 2022-2023-жылдарга күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө маалыматы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Турдуматовдун билдирүүсү эске алынсын.
Кара-Көл райондук электр тармактар ишканасына Кара-Көл шаарына бөлүнгөн лимитти сактоо, Кара-Көл шаарынын калкын электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
Токтогул ГЭСтери каскады жана №30 Жол тейлөө мекемеси 2022-2023-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаардын ички автожолундагы карларды, жолдордогу муздарды, таштарды (осыпь) тазалоо жана жолду кеңейтүү, кум, туз чачуу иштерин аткарууда муниципалдык менчик башкармалыгына транспорт жагынан мыйзам чегинде көмөк көрсөтүшсүн.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Турдуматов) жүктөлсүн.
Төрага К.Д.Батыркулов