Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 5-июлу № 10
Ак-Суу айыл аймагындагы №12 К. Шеркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Т. Буйлашовдун 6 айлык аткарган ишине баа берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде Ак-Суу айыл аймагындагы №12 К. Шеркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Т.Буйлашовдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №12 К. Шеркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Т.Буйлашовдун 2021-жылдын 6 айында аткарган жумушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтом, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом, Ак-Суу айыл айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайытына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин социалдык комитетинин төрагасы Т. Өмүралиевага милдеттендиридсин.
Төрага: | М.О. Сооронбаев |