Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 25-октябры № 1
Аратанбап айыл аймагынын 2022-жылдын 9 айга бекитилген киреше салыктарынан ашыкча жыйналган жыйыдар жөнүндө
2022-жыл Арстанбап айыл аймагынын инфраструктурасын көтөрүү үчүн ички жолдорго асфальт басуу максатында 2022-жылдын 9 айга бекитилген киреше салыктарынан ашыкча жыйналган жыйымдарды тактап чыгып, Гумхана айылынын А.Тургунбеков көчөсүнө асфальт басуу үчүн КЭБ башчысы К.Ч.Тиркашевтин сунушун угуп талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VIII чакырылыш кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Арстанбап айыл Өкмөтүнүн КЭБ башчысы К.Ч.Тиркашевтин сунушу менен 2022-жылдын 9 айга бекитилген киреше салыктарынан ашыкча жыйналган 3483,1 миң сомго төмөнкү тартипте тактама билдирүү даярдалсын.
2. 2022-жылдын чыгашалар сметасына төмөнкү тартипте өзгөртүүлөр киргизилсин, 701-11 бөлүм 3111 –бөлүмчөсүнө 3000,0 миң сом, 701-11 бөлүм 2215-бөлүмчөсүнө 483,1 миң сом жалпы суммасы 3483,1 миң сомго тактама билдирүү даярдап, 2022-жылдын бюджетине киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Арстанбап айыл Өкмөтүнүн башчысы И.С.Чолпоновко жана КЭБ башчысы К.Ч.Тиркашевке жүктөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап айылдык кңешинин бюджет,экономика,муниципалдык менчик жана инвестиция боюнча боюнча туруктуу комиссиясына милдеттентирилсин.
Арстанбап айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Ашуров |