Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-декабры № 83
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу мекеме-уюмдардын жараксыз инвентарларын чыгыштоо жөнүндө
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу мекеме-уюмдардын жараксыз инвентарларын чыгыштоо жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу мекеме-уюмдардын жараксыз инвентарлары чыгышталсын.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасынын орун басары | Таласбаев Т. |