Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-ноябры № 13-9-1
Майлуу-Суу шаардык “Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасынына” 80,0 (сексен миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 14.09.2022-жылындагы №01-06/2395 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XІІІ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Д.Истамбаевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасына, “Жаратылыш өнүктүрүү фондунан” алынып келинген атайын техниканы, мекеменин атына каттоого сарпталуучу 80 000 (сексен миң) сом, Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан бөлүнгөн акча каражатынан берүүгө уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.Умаровго.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана Майлуу-Суу шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы | Н. Бостонов |