Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-ноябры № 13-9-3
“Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынын Майлуу-Суу жылуулук менен камсыздоо филиалына, жылуулука болгон төлөмүнө 6 400 000 (алты миллион төрт жүз миң) сом акча каражатын которуга макулдук берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 20.10.2022-жылындагы №01-28-1 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ІX чакырылышынын кезектеги XІІІ- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын 1-вице-мэри Н.А.Абдиганиевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. “Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынын Майлуу-Суу жылуулук менен камсыздоо филиалына, жылуулука болгон төлөмүнө 6 400 000 (алты миллион төрт жүз миң) сом акча каражатын, жергиликтүү бюджеттен которуп берүүгө уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы | Н. Бостонов |