Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-ноябры № 13-9-4
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын “Шаарсууканал” мекемесинин ичүүчү сууга жана саркынды суунун бааларын мөөнөтсүз убакытка узартуу жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын “Шаарсууканал” мекемесинин директору М.Р.Жаркуловтун 08.09.2022 ж. № 453/01-7 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XІІІ- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын “Шаарсууканал” мекемесинин директору М.Р.Жаркуловтун маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн 2022-жылдын 20-июнундагы № 22 буйругу эске алуу менен, Шаардык кеңештин 2019-жылдын 03-майындагы № 7-8-9 токтому менен бекитилген ичүүчү суунун жана саркынды суунун тазалоонун баалары өзгөртүүсүз, мөөнөтсүз убакытка узартылып, дифференцияланган баа макулдашылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы “Шаарсууканал” мекемесинин директору М.Р.Жаркуловго жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардын мэри Н.Умаровго жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы | Н. Бостонов |