Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-ноябры № 13-9-6
“Майлуу-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
«Майлуу-Суу шаарынын Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө жобосуна ылайык, шаардык Кеӊештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чѳйрѳнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын XІІІ кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 11.10.2022 ж. чыгыш № 01-06-2772 сандуу кайрылуусу жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык өнүүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн жана «Майлуу-Суу шаарынын Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө жобосунун талаптарына ылайык, Култаев Эркин Мурзабековичке «Майлуу-Суу шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын:
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеӊештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чѳйрѳнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы | Н. Бостонов |