Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-ноябры № 13-9-7
Майлуу-Суу шаардык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасынын автогрейдер жана фронталдык жүктөгүч атайын техникаларынын айдоочуларынын эмгек акыларын 15 000 (он беш миң) сомдон бекитип берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.Э.Умаровтун 18.11.2022-жылындагы №01-28-43 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Д.Истамбаевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасынын автогрейдер жана фронталдык жүктөгүч атайын техникаларынын айдоочуларынын эмгек акысы 15 000 (он беш миң) сомдон бекитип берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаардык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Д.Истамбаевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы | Н. Бостонов |