Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 14-9-1
Эмгек рыногунда атаандаша албаган калктын айрым категорияларын иш менен камсыз кылуу максатында Майлуу-Суу шаарындагы ишкана-мекемелерине 2023-жылга 3 жумуш орунга квота бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 295; 314 беренелерине ылайык, шаарда эмгек рыногунда бирдей шартта атаандаша албаган калкттын айрым категорияларын иш менен камсыз кылуу максатындагы Майлуу-Суу шаардык эмгек, жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кайрылуусун карап чыгып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин Кеңештин IX чакырылышынын кезексиз XIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кайрылуу каты жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 295; 328 беренелерине ылайык, жана шаардын аймагында менчигинин, жана чарба жүргүзүүнүн түрүнө карабастан, ишканалар жана уюмдарда иштеген жумушчулардын орточо санынын Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин жарандардын категорияларын ишке кабыл алуу үчүн атайын жумуш орундарынын (квота) саны 2023-жылга карата Майлуу-Суу шаарындагы ишкана мекемелерине 3 адам жумушка орнотуу квотасы бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү,айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы | Н. Бостонов |