Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 14-9-2
Майлуу-Суу шаардык маданият бөлүмүнүн үнөмдөлүп калган 180 000 (жүз сексен миң) сом акча каражатын 223111300 беренесинен 3112 беренесине которуп, 1-комплект жылытуучу кондиционер сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 18.11.2022-жылындагы №01-28-46 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезексиз XIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы А.Жанышеванын маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык маданият бөлүмүнүн борборлоштурулган китепканасынан 223111300 беренесинен үнөмдөлүп калган акча каражаттан 180 000 (жүз сексен миң) сомду маданият үйүнүн 3112 беренесине которуп, 1-комплект жылытуучу кондиционер сатып алууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы А.Жанышевага жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы | Н. Бостонов |