Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 14-9-4
Майлуу-Суу шаарынын социалдык обьектилерин 2023-жылы Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду даярдоо, каржылоо жана ишке ашырууда, жергиликтүү бюджеттен 15% өздүк салымын каржылоо үчүн 1 289 400 (бир миллион эки жүз сексен тогуз миң төрт жүз) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 29.11.2022-жылындагы №01-14-24 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезексиз XIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын 1-вице-мэри Н.А.Абдиганиевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын социалдык обьектилерин 2023-жылы Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду даярдоо, каржылоо жана ишке ашырууда, жергиликтүү бюджеттен 15% өздүк салымын каржылоо үчүн Сыдыкова №36 көчөсүндөгү бала-бакчасына 456 200 (төрт жүз элүү алты миң эки жүз), Ленина №102а көчөсүндөгү бала-бакчасына 455 100 (төрт жүз элүү беш миң жүз), Майлуу-Суу шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборуна-терапия бөлүмүнө 378 100 (үч жүз жетимищ сегиз миң жүз) сом баары биригип 1 289 400 (бир миллион эки жүз сексен тогуз миң төрт жүз) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы | Н. Бостонов |