Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 14-9-5
Майлуу-Суу шаарынын мэриясына 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын сарптоого макулдук берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 14.09.2022-жылындагы №01-06/2399 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезексиз XIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы И.Батыркуловтун маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын мэриясына шаар аймагында демөөрчүлөр тарабынан курулган фельдшердик-акушердик пунктту, Сары-Бээ жана Көк-Таш Аймактык Башкармалыктарында кичи футболдук талааларды муниципалдык менчикке өткөрүүдө, тиешелүү иш-кагаздарын даярдоого сарпталуучу 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын, Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан бөлүнгөн акча каражатынан сарптоого макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы | Н. Бостонов |