Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 14-9-8
Майлуу-Суу шаардык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу сунуштамасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” 2000-жылдын 13-январындагы № 3 Мыйзамынын 3-ст. 10-пунктуна жана Майлуу-Суу шаардык кеңештин регламентинин 23-главасына ылайык, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезексиз XIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасынын маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. 2022-жылы Майлуу-Суу шаардык кеңешинин сессияларына катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган төмөнкү депутаттардын:
1. Киргизбаев А.М.-“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы,
2. Машаев М.Т. -“Өнүгү-Прогресс” фракциясы,
3. Нурматов К.К. -“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы,
4. Шералиев Ж.Т. -“ Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы
депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу туралуу сунуштама Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы | Н. Бостонов |