Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 14-9-7
Майлуу-Суу шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармалыгына 210 000 (эки жүз он миң) сом акча каражатын сарптоого макулдук берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 06.12.2022-жылындагы №01-28-72 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезексиз XIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы И.Батыркуловтун маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармалыгына, ЖЧК “МС ЛЗ” тиешелүү 12 обьекттин жер тилкелерин жана кайрымдуулук фонд аркылу курулган фельдшердик-акушердик пуктун, Сары-Бээ, Көк-Таш аймактык башкармалыктарында демөөрчүлөр тарабынан курулган футболдук кичи талааларды Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын карамагына кайра каттоо жана мамлекеттик актыларын жасатып алуу үчүн, шаардык кеңештин 24.02.2022ж № 7-9-4 токтому менен бекитилген 2022-жылы аткарыла турган жумуштардын титулдук тизмесинин 3-пунктунда “шаардын борбордук таштандыларды топтоочу жайдын айланасына коргон курууга” каралган акча каражаттын эсебинен 210 000 (эки жүз он миң) сом акча каражатын сарптоого макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жана мэрияга караштуу муниципалдык менчик башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы | Н. Бостонов |