Загрузка документа…
КОНОРЧОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 20/23
Конорчок айылдык аймагынын территориясындагы ички арыктарды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө «Мыйзамынын 34 беренесине ылайык «Конорчок Ак-Сай »суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ички арыктарды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Конорчок айыл өкмөтүнүн башчысын угуп жана талкуулап Конорчок айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. “Конорчок Ак-Сай” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ички арыктарды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын.
2. Конорчок айыл өкмөтүнүн башчысы:
1) “Конорчок Ак-Сай” суу пайдалануучулары менен ички арыктарды кабыл алуу-берүү актын түзсүн.
2) “Конорчок Ак-Сай” суу пайдалануучулар ассоциациясы менен ички арыктарды берүү келишимине кол койсун ,аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында каттасын
3) Ички арыктарды муниципалдык менчик реестрине камтысын.
3. Ушул Конорчок айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы №20/23 токтомун юстициянын Нарын облустук башкармалыгында каттоодон өткөрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Курманбаев. |