Загрузка документа…
КОНОРЧОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Коңорчок айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясынын
2022-жылдын 22-ноябры № 19/21
Коңорчок айылында Сүттүү-Булак участкасындагы суу сактагычка насос орнотуу үчүн жер бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Коңорчок айылында Сүттүү-Булак участкасындагы суу сактагычка насос орнотуу үчүн жер бѳлүп берүү жѳнүндѳ маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Конорчок айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Коңорчок айылында Сүттүү- Булак участкасындагы №110 контур суу сактагычты иштетүүгѳ насос жана электр кѳмѳк чордонун орнотуу үчүн 0,20га жер бѳлүнүп берилсин.
2. Суу сактагычты иштетүү үчүн насос жана электр кѳмѳк чордонун орнотуу үчүн тиешелүү документтерди даярдоо жагы Коңорчок айыл ѳкмѳтүнүн айыл чарба адиси К. Тѳкѳновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А. Курманбаев. |