Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-февралы № 25
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалары боюнча айылдык кеңешке берген отчету, 2022-жылдын титулдук барагын бекитүү жана 2021-жылдан үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексине” Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышы, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга титулдук барагын бекитүү жана 2022-жылдын 1-январына карата үнөмдөлгөн акча каражатын титулдук баракка кошуп кароо жөнүндө маселени айылдык кеңешинин “Финансы, эконмика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо” боюнча туруктуу комиссиясында алдын-ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Өзгөн райондук финансы башкармалыгына жана Райондук казна бөлүмүнө берген отчетунун негизинде Дөң-Булак айылдык кеңешинин “Финансы, эконмика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо” боюнча комиттети карап чыгып, киреше бөлүгүнүн 113,1 % аткарылгандыгын жана чыгаша бөлүгүнүн саражалдуу пайдалангандыгы менен таанышып, айылдык кеңештин сессиясында жактырылып. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга аткарылган бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүмүнүн отчету канаттандыраарлык деп кабыл алынсын.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата бюджеттен 4257,6 миң сом ал эми атайын каражаттар эсебинен үнөмдөлгөн 76,4 миң сом акча каражаты Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин титулдук баракчасына ылайык бекитилсин.
3. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетинин корголгон статьялардан ашканы титулдук баракчага ылайык сарпталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Дөң-Булак айылдык кенештин “Финансы, эконмика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |