Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 5-апрели № 28
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Бабаш уулу, Пайзабад, Бахмал, Өзгөрүш, Дөң-Булак, Бөксө-Жол, Төөлөс жана башка айыл тургундарынын турак жай куруу үчүн жазган арыздарын канааттандыруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуш” жер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн караштуу Бабаш уулу, Пайзабад, Бахмал айылдарынын тургундарынын бүгүнкү күндө айыл өкмөтүнө турак жай куруу үчүн кайрылгандардын саны 1320 жарандарга жеткен. Азыркы күндө кээ бир үйлөрдө 3-4 үй-бүлөөлөр бирге жашап келишүүдө. Бабаш уулу, Пайзабад, Бахмал айылдарынын тургундарынын турак жайга болгон муктаждыктарын жана суроо талаптарын канааттандыруу максатында, токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Бабаш уулу айылындагы №628 контурдан 1,0 №629 контурдан 1,0 га, №629 контурдан 7,9 га, №631 контурдан 4,2 га Пайзабад айылындагы 3 контурдан 0,40 га, №3 контурдан 1,6 га, №4 контурдан 3,6 га №5 контурдан 0,10 га, №6 контурдан 0,10 га, №7 контурдан 0,40 га №8 контурдан 0,30 га №13 котурунан 2,6 га бак аянтындагы жердин топурак кыртышынын үстүнкү катмары бузулгандыктан деградацияланган, топурак катуу эрозияга учураган, балл бонитети өтө төмөндүгүнөн жалпысы 23,2 га жер участогу турак-жай куруу үчүн “Айыл чарба багытдагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуш” жер категориясына которууга трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, турак жай куруу үчүн мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Кадастр” башкармалыгына сунуш кылынсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун генпланын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |