Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 5-апрели № 29
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал-1 айылынын тургуну Мавлянова Бурабиянын турак үйү күйүп кеткендигине байланыштуу жардам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал-1 айылынын тургуну Мавлянова Бурабиянын 2022-жылдын 9-январь күнү себепсиз үйүнөн өрт чыгып үйү күйүп кеткен. Үйүн түзөп, оңдоого жардам сурап жазган арызын канааттандыруу максатында, токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн резервинен Бахмал-1 айылынын тургуну Мавлянова Бурабияга 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, социалдык коргоо жана социалдык-маданий маселелер боюнча башкы адисине тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |