Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 5-апрели № 30
Өзгөрүш айылынын тургуну Арыбжанова Жумагүлдүн арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылынын тургуну Арыбжанова Жумагүлдүн эки кулагы тең укпай жаткандыгына байланыштуу ушул жылы операция жасатууга мажбур болуп жардам сурап жазган арызынын канааттандыруу максатында, токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн элге женилдик берүү эсебинен Өзгөрүш айылынын тургуну Арыбжанова Жумагүлгө 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |