Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-шайланышынын 2 - кезектүү сессиясынын
2022-жылдын 19-сентябры № 2
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акысы жөнүндө
Казыбек айылынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы З.Төлөгоновдун кайрылуусунун негизинде жайыт акысынын 30(отуз) пайызын дагы жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу максатында айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы З.Төлөгоновдун кайрылуусунун негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетине калып жаткан жайыт акынын 30 пайызын жайыттын инфраструктурасын жакшыртууга ЖПБнын өзүнүн бюджетине (жайыт пайдалануучулар бирикмеси) толугу менен которулсун.
2. ЖПБ нын бюджетине которуп берүү жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Самүдүновага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Кермакуновага тапшырылсын.
Төрага | Э.Бактыгулов |