Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-шайланышынын 2 - кезектүү сессиясынын
2022-жылдын 19-сентябры № 4
Н.Үсөналиев атындагы орто мектебинин имаратынын электр өткөргүчтөрү жөнүндө
Казыбек айылынын Н.Үсөналиев орто мектебинин директору Э.Дүйшөналиевдин мектеп имаратынын электр өткөргүч чубалгылары стенанын ичинде болгондуктан авария учурлары көп болуп, эскилиги жетип бат-бат замыканиелер окуу процессине терс таасири тийип,окуучулардын өмүрүнө коркунуч жаратып жаткандыктан,электр чубалгыларын алмаштыруу жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Н.Үсөналиев орто мектебинин электр зым чубалгыларын жаңыртуу үчүн Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетинен мыйзамга ылайык жылдыруу жолу менен мурда таза сууга каралган акча каражатынан 690690(алты жүз токсон миң алты жүз токсон)сом бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатынын деффект актысын жана сметасын алып келүү жагы Н.Үсөналиев орто мектебинин директору Э.Дүйшөналиевге тапшырылсын.
3. Тендерден уткан тарапка акча каражатын которуп берүү жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Самүдүновага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Кермакуновага тапшырылсын.
Төрага | Э.Бактыгулов |