Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-шайланышынын 2 - кезектүү сессиясынын
2022-жылдын 19-сентябры № 5
«Казыбек-Жеткинчек», «Жаңы-Күч-Айданек» балдар бакчасына mikrotik роултер системасын алуу жөнүндө
Казыбек ,Жаңы-Күч бала бакчаларынын директорлорунун кайрылуусунун негизинде, санариптештирүү жана интернет байланышын жакшыртууда жана «Е-кызматын» кошууда mikrotik роултер операциялык системасын алуу үчүн, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. «Казыбек-Жеткинчек», «Жаңы-Күч-Айданек» балдар бакчасына mikrotik роултер операциялык системасын алууга Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетинен 30000(отуз миң сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Mikrotik роултер операциялык системасынын сметасын алып келүү жагы директорлор Г.Жумабаева, Г.Молдакуновага тапшырылсын.
3. Тендерден уткан тарапка акча каражатын которуп берүү жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Самүдүновага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Кермакуновага тапшырылсын.
Төрага | Э.Бактыгулов |