Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-шайланышынын 2 - кезектүү сессиясынын
2022-жылдын 19-сентябры № 6
Убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Казыбек айылында жаңы курулуп бүтүп жаткан бала бакчанын директору Г.Молдакунованын кайрылуусунун негизинде , убактылуу комиссиянын курамын бекитүү үчүн, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айылында жаңы курулуп бүтүп жаткан бала бакчанын курулуш иштеринин сапатына,башка иштерине баа берүү,курулуш мекемесине кемчиликтерин калыбына келтирүү,курулуштун жүрүшүн тездетүү боюнча тапшырма берүү үчүн депутаттардан жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен төмөндөгүдөй убактылуу комиссиянын 9 кишиден турган курамы бекитилсин:
Убактылуу комиссиянын төрагасы- М.Ибраев- турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси
Мүчөлөрү:
- Н.Дүйшеев- айылдык Кеңештин депутаты;
- Э.Жакыпов- бала бакчанын кызматкери;
- К.Кадыракунов- ИСКАКБ нын төрагасы;
- Т.Дүйшөналиев- элдик люстрация коомдук бирикме башчысы;
- М.Жунусакунова-айылдык кеңештин депутаты;
- М.Аскарбек кызы- айылдык Кеңештин депутаты;
- Э.Есеналиева-айылдык Кеңештин депутаты;
- Ш.Кожониязов-айылдык Кеңештин депутаты;
- Ж.Жумабаев-айылдык кеңештин депутаты;
- Б.Мамытов-айыл өкмөтүнүн социалдык маселер боюнча башкы адиси.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Кермакуновага тапшырылсын.
Төрага | Э.Бактыгулов |