Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-шайланышынын 2 - кезектүү сессиясынын
2022-жылдын 19-сентябры № 7
Убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2018-2019-жылдардагы суу өтүүчү түтүккө деп бөлүнгөн каражат боюнча, 2021-2022-жылы Бирназаров Бусурманкул паркына каралган 2022-жылдагы 204000 акча каражаттын иштетилиши боюнча көзөмөл жүргүзүү үчүн, убактылуу комиссиянын курамын бекитүү максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2018-2019-жылдардагы суу өтүүчү түтүккө деп бөлүнгөн каражат боюнча, 2021-2022-жылы Бирназаров Бусурманкул паркына каралган 2022-жылдагы 204000 акча каражаттын иштетилиши боюнча көзөмөл жүргүзүү үчүн, депутаттардан жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен төмөндөгүдөй убактылуу комиссиянын 15 кишиден турган курамы бекитилсин:
Убактылуу комиссиянын төрагасы - М.Тагаев - айылдык Кеңештин депутаты.
Мүчөлөрү:
- Н.Дүйшеев- айылдык Кеңештин депутаты;
- М.Мамбетов- айылдык Кеңештин депутаты;
- Э.Султаналиев- айылдык Кеңештин депутаты;
- К.Исаев- айылдык Кеңештин депутаты;
- А.Аттокуров-айылдык кеңештин депутаты;
- Ж.Мундушов- айылдык Кеңештин депутаты;
- К.Истам уулу-айылдык Кеңештин депутаты;
- Ш.Кожониязов-айылдык Кеңештин депутаты;
- Ж.Жумабаев-айылдык кеңештин депутаты;
- М.Шаршенов-аскер учет бөлүмүнүн башчысы;
- Б.Белеков- айылдык Кеңештин депутаты;
- М.Ибраев- турак-жай боюнча кызматкери;
- Жолдошбек у Улан- айыл башчы;
- К.Болотакунов-ветеринария боюнча кызматкери.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Кермакуновага тапшырылсын.
Төрага | Э.Бактыгулов |