Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19-сентябры № 9
Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги үнөмдөлгөн акча каражаттарынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинен 3111-статьясында 1000000 сом, 2211 -статьясынан 38000 сом, 22154100- 47000 сом, 22154900-статьясынан-35700 жалпысы 1120700 (бир миллион жүз жыйырма миң жети жүз) сом үнөмдөлгөн акча каражаттарынын пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетинен үнөмдөлгөн 1120700 ( бир миллион жүз жыйырма миң жети жүз) сом акча каражатынан, көрсөтүлгөн статьяларына ылайык, жылдыруу жолу менен төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин:
1) 31113210- 400 000 сом- таза суунун ремонт каражаттарына;
2) 22211100- 690700 сом-мектептин ички электр зым чубалгыларын которууга;
3) 22154300- 30 000 сом- «Казыбек-Жеткинчек», «Жаңыкүч-Айданек» бала бакчаларынын интернет байланышын кошууга микротик алуу үчүн.
2. Тендерден уткан фирмага акча каражатын которуп берүү жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Самүдүновага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Кермакуновага тапшырылсын.
Төрага | Э.Бактыгулов |