Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-декабры № 12/1
Кара-Бүргөн айыл аймагындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесине жана 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык “Кемеге-Кайырма” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын жана Кара-Бүргөн айылындагы башка аймактарындагы дыйкандарынын пайдалануусундагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Руслановду угуп, Кара-Бүргөн айылдык кеӊешинин кезексиз 12-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
3. “Кемеге-Кайырма” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын жана Кара-Бүргөн айылынын башка аймактарындагы дыйкандардын жыйындарынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын.
4. Кара-Бүргөн айыл өкмөтү:
“Кемеге-Кайырма” суу пайдалануучулар ассоциациясы жана башка аймактарындагы дыйкандардын пайдалануусундагы ирригациялык курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында каттасын.
5. Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгы жана суу чарба бирикмелери (СПА ж.б.у.с.) менен биргеликте Кара-Бүргөн айыл аймагындагы ички чарбалык каналдарды тактап, муниципалдык менчикке өткөрүп берүү, кабыл алууларды жүргүзсүн.
6. Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине каттасын.
7. Жергиликтүү бюджеттин 2023-2024-2025-жылдарга карата пландуу көрсөткүчтөрүнө Кара-Бүргөн айыл аймагынын ички суу чарба курулмаларын күтүүгө байланыштуу маселелерди киргизсин.
8. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Б. Кемелов |