Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-июлу № 36
Чоң-Жаргылчак айылынын тургундарынын үй куруу үчүн участок бөлүп берүү тууралуу кайрылуусу жөнүндө
Чоң-Жаргылчак айылынын тургундарынын үй курууга болгон муктаждыгы боюнча Жети-Өгүз райондук токой чарбасына караштуу 5,4 га алма бак жер аянтын Чоң-Жаргылчак айылынын тургундарына үй куруу үчүн участок катары бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун жана ушул эле маселе боюнча Чоң-Жаргылчак айылынын тургундарынын 2013-жылдын 13-июнундагы жалпы чогулушунун № 5 протоколунун Кыргыз Республикасына караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 01-28/1997 катына ылайык, Эл депутаттарынын Жаргылчак айылдык аймагынын Кеңешинин XXVI чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Жаргылчак айылынын тургундарынын 2013-жылдын 13-июнунудагы жалпы чогулушунун “Чоң-Жаргылчак айылынын жашоочуларынын айылды кеңейтүүгө огород участкалары үчүн жер аянтын берүү жөнүндө” № 5 протоколу бекитилсин.
2. Чоң-Жаргылчак айылынын тургундарына Жети-Өгүз райондук токой чарбасына караштуу 5,4 га алма бак жер аянттарын жер участок катары бөлүп берүү жагы Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Суралсын Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынан, Жети-Өгүз райондук токой чарбасына тиешелүү айыл чарба багытындагы жерди калктуу конушка которуунун (трансформациялоонун) иш кагаздарын тиешелүү жогорку органдарга берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Акуновго милдеттендирилсин.
Жаргылчак айыл Кеңешинин төрагасы: | Алдашов Д.К. |