Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын
2022-жылдын 9-ноябры № 108
Жунуш уулу Соорбек көчөсүндөгү жолдогу арыкка труба салдыруу жөнүндө
Жунуш уулу Соорбек көчөсүнүн күн батыш тарабынан кире бериш жериндеги арыкка труба салдырып берүү жөнүндөгү айыл тургундарынын арыздарын карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :
1 Айыл тургундарынын арыздары канааттандырылсын.
2. Жунуш уулу Соорбек көчөсүнүн күн батыш тарабынан кире бериш жериндеги арыкка труба салдыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин билим берүү тармагындагы 2227-статьясынан көмүр алууга каралган 700,0 миң сом эсебинен 20(жыйырма) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | А.С.Кыдыров |