Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын
2022-жылдын 9-ноябры № 110
Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын айыл аймагындагы аз камсыз жардамга муктаж айыл тургундарына жана алардын балдарына өздүгүн тастыктаган күбөлүк жана паспорт алып берүү үчүн адвокаттын кызмат көрсөтүүсүнө жана ар кандай чыгымдарга акча каражаттын бөлүү жөнүндөгү жооптуу катчынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :
1. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Айыл аймагындагы аз камсыз жардамга муктаж айыл тургундарына жана алардын балдарына өздүгүн тастыктаган күбөлүк жана паспорт алып берүү үчүн адвокаттын кызмат көрсөтүүсүнө жана ар кандай чыгымдарга жергиликтүү бюджеттин 9 айда аткарылышынан ашкан каражат эсебинен 30(отуз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | А.С.Кыдыров |