Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын
2022-жылдын 9-ноябры № 111
Айыл аймагындагы көкбөрү оюну менен алектенген жаштардын кайрылуусун кароо жөнүндө
Айылдык Кеңештин төрагасынын айыл аймагында көкбөрү оюну боюнча өтүлүүчү мелдешти уюштурууга акча каражатын кароо жөнүндөгү жаштардын кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :
1. Айыл аймагындагы көкбөрү оюну менен алектенген жаштардын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Көкбөрү оюнун айыл аймагында райондук деңгээлде уюштурууга жергиликтүү бюджеттин 9 айда аткарылышынан ашкан каражат эсебинен 100(жүз) миң сом акча каражаты каралсын.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | А.С.Кыдыров |