Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын
2022-жылдын 9-ноябры № 112
“Мээрим Жуманазарова атындагы кыздардын эркин күрөш мектебинин өспүрүмдөр спорттук өнүктүрүү коомдук фондусунун” кайрылуусун кароо жөнүндө
Айылдык Кеңештин депутаты Темиралиева Магиранын кызы Конушбаева Азиранын спорт мектебиндеги ар кандай чыгымдары үчүн акча каражатын кароо жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде жана “Мээрим Жуманазарова атындагы кыздардын эркин күрөш мектебинин өспүрүмдөр спорттук өнүктүрүү коомдук фондусунун” кайрылуу каты менен таанышып жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :
1. Депутат Темиралиева Магиранын кайрылуусу жана “Мээрим Жуманазарова атындагы кыздардын эркин күрөш мектебинин өспүрүмдөр спорттук өнүктүрүү коомдук фондусунун” кайрылуу каты канааттандырылсын.
2. Айыл тургуну Конушбаева Азира Шайлообековнанын спорт мектебиндеги 2022- окуу жылдык төлөмү үчүн жергиликтүү бюджеттин 9 айда аткарылышынан ашкан каражат эсебинен 25 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | А.С.Кыдыров |