Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын
2022-жылдын 9-ноябры № 113
1 км аралыктагы таза суунун трубасын алмаштырууга кошумча акча каражатын бөлүү жөнүндө
“Төшмашат” ИСКАКБ не 1 км аралыктагы таза суунун трубасын алмаштырууга түзүлгөн сметанын негизинде жетпеген кошумча акча каражатын бөлүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :
1. “Төшмашат” ИСКАКБ не түзүлгөн сметанын негизинде 1 км аралыктагы таза суунун трубасын алмаштырууга жергиликтүү бюджеттен каралган 259,0 миң сом акча каражатына кошумча 48(кырк сегиз) миң сом кошумча акча каражаты жергиликтүү бюджеттин билим берүү тармагындагы 2227-статьясынан көмүр алууга каралган 700,0 миң сом эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | А.С.Кыдыров |