Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын
2022-жылдын 9-ноябры № 114
М.Сейталиев орто мектебинин майда ремонт иштерине акча каржатын бөлүү жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын айылдагы М.Сейталиев орто мектебинин майда ремонт иштерине керектелген акча каражатын карап берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :
1. Айылдагы М.Сейталиев орто мектебинин майда ремонт иштерине керектелген 40 (кырк миң) миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин билим берүү тармагындагы 2227-статьясынан көмүр алууга каралган 700,0 миң сом эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | А.С.Кыдыров |