Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын
2022-жылдын 9-ноябры № 115
Айыл аймагында Карылар күнү салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл аймагында Карылар күнү салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатына кошумча акча каражатын бөлүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :
1. Айыл аймагындагы 70 жаштан жогору жаштагы кары айыл тургундарына Талас шаарындагы Талас ресторанына Карылар күнү салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен каралган 70 миң сом акча каражатына кошумча 41(кырк бир) миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин билим берүү тармагындагы 2227-статьясынан көмүр алууга каралган 700,0 миң сом эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | А.С.Кыдыров |