Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын
2022-жылдын 9-ноябры № 121
Үмөт Молдо атындагы мектепке чейинки ишканага музыкалык класс жана ашкана курууга керектүү юридикалык документтерди даярдоого акча каражатын бөлүү жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын Үмөт Молдо атындагы мектепке чейинки ишканага музыкалык класс жана ашкана курууга керектүү юридикалык документтерди даярдоого акча каражатын бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :
1. Үмөт Молдо атындагы мектепке чейинки ишканага музыкалык класс жана ашкана курууга АТЗ, ПЗД документтерин даярдоого, сметасын түздүрүүгө 50(элүү) миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин билим берүү тармагындагы 2227-статьясынан көмүр алууга каралган 700,0 миң сом эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | А.С.Кыдыров |