Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын
2022-жылдын 9-ноябры № 129
Үмөт Молдо атындагы мектепке чейинки ишканасынын жарыктандыруусуна жана ремонт иштерине акча каражатын кароо жөнүндө
Үмөт Молдо атындагы мектепке чейинки ишканасынын жарыктандыруусуна жана ремонт иштерине акча каражатын кароо жөнүндөгү каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :
1. Үмөт Молдо атындагы мектепке чейинки ишканасынын жарыктандыруусуна жана ремонт иштерине жергиликтүү бюджеттен 55( элүү беш) миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджетен билим берүү тармагындагы 2227-статьясынан көмүр алууга каралган 700,0 миң сом эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | А.С.Кыдыров |