Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын
2022-жылдын 9-ноябры № 131
Үмөт Молдо атындагы мектепке чейинки ишканасына музыкалык класс жана ашкана курууга түрткү берүүчү грантка жазылган долбоорго макулдук берүү жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын Үмөт Молдо атындагы мектепке чейинки ишканасына музыкалык класс жана ашкана курууга түрткү берүүчү грантка жазылган долбоор тууралу маалыматты угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :
1. Үмөт Молдо атындагы мектепке чейинки ишканасына музыкалык класс жана ашкана курууга түрткү берүүчү грантка жазылган долбоорго макулдук берилсин.
2. Музыкалык класс жана ашкана курууга керектүү юридикалык документтерди даярдоо жана сметасын түзүү жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.С.Кыдыров |